# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-марты № 01-7/12 “Материалдык жактан муктаж жарандарга бир жолку жардам берүү жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-марты № 01-7/12 “Материалдык жактан муктаж жарандарга бир жолку жардам берүү жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/12
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046687>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55435/edition/53688/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046687.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-марты № 01-7/12 “Материалдык жактан муктаж жарандарга бир жолку жардам берүү жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (11.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046687

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 11-марты № 01-7/12

“Материалдык жактан муктаж жарандарга бир жолку жардам берүү жөнүндө” токтомго өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесин жетекчиликке алып, пландык бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:

1. 2024-жылдын 29-майындагы №01-7/22 “Жергиликтүү бюджеттен жарандарга көрсөтүлүүчү материалдык жардамдын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.

o материалдык жактан муктаж болгон жарандар дарыланууга же дары-дармек алууга кайрылган учурда, медициналык жана башка тиешелүү документтеринин негизинде муктаждыгына жараша 5 000 (беш миң) сомдон 20 000 (жыйырма миң) сомго чейинки акча каражаты бир жолку материалдык жардам катары бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин пландык-бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Р.Кадыркулов
