# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-марты № 01-7/13 "Республикалык бюджеттен түшүүчү каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-марты № 01-7/13 "Республикалык бюджеттен түшүүчү каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/13
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55424/edition/53674/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-марты № 01-7/13 "Республикалык бюджеттен түшүүчү каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө" токтому (11.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046669

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 11-марты № 01-7/13

Республикалык бюджеттен түшүүчү каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Бюджеттик кодексинин 55-беренесине ылайык, жаңы мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эмгек акы фондун каржылоо жана мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтууну кеңейтүү чараларын ишке ашыруу максатында жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен өз убагында өтүүнү камсыз кылуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:

1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшүүчү акча каражаттары (максаттуу трансферттер) төмөнкүлөргө багытталсын:

o мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө; o жылуулук менен камсыздоо максатында келүүчү субсидияларды берүүгө жана башка жергиликтүү бюджетке түшүүчү акча каражаттарга. Көрсөтүлгөн каражаттар максаттуу багыты боюнча гана пайдаланылсын.

2. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Р.Кадыркулов
