Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Республикалык бюджеттен түшүүчү каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-марты № 01-7/13
Республикалык бюджеттен түшүүчү каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Бюджеттик кодексинин 55-беренесине ылайык, жаңы мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эмгек акы фондун каржылоо жана мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтууну кеңейтүү чараларын ишке ашыруу максатында жана 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилинен өз убагында өтүүнү камсыз кылуу максатында, айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке түшүүчү акча каражаттары (максаттуу трансферттер) төмөнкүлөргө багытталсын:
o мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө; o жылуулук менен камсыздоо максатында келүүчү субсидияларды берүүгө жана башка жергиликтүү бюджетке түшүүчү акча каражаттарга. Көрсөтүлгөн каражаттар максаттуу багыты боюнча гана пайдаланылсын.
2. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.Р.Кадыркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60