# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 514-VIII "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 514-VIII "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 514-VIII
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046649>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16924/edition/53654/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046649.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 514-VIII "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө" токтому (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046649

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кабыл алынган датасы 2026-жылдын 3-июну № 514-VIII

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктун жана 122-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүлөр шайлансын:

Айбалаев Алмаз Маматович; Жакышов Русланбек Шергазиевич; Мамырова Бөдөш Аманбаевна; Темирбаева Миргул Омурзаковна; Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович; Лурова Лейла Хияновна; Оторбаев Тимур Абдыкеримович; Шайназаров Тынчтык Урайимович.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө» 2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2023-жылдын 8-июнундагы № 1249-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 2333-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 19-февралындагы № 2828-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 19-мартындагы № 2924-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 3435-VII;

– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 3436-VII.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
