# Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы №01-7/01 "Жер тилкесин акысыз ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы №01-7/01 "Жер тилкесин акысыз ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/01
- Кабыл алынган күнү: 23.01.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046638>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55398/edition/53643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046638.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-январы №01-7/01 "Жер тилкесин акысыз ижарага берүү жөнүндө" токтому (23.01.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046638

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 23-январы №01-7/01

Жер тилкесин акысыз ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобосуна, ошондой эле Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

1. Сокулук айылында жайгашкан «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун Сокулук айылындагы газды жөнгө салуучу шкаф тибиндеги пункттарына тиешелүү муниципалдык жер участоктору боюнча ижара келишимдери акысыз негизде 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылсын.

2. Ушул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго тиешелүү буйрукту чыгаруу тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Р.Кадыркулов
