Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Жер тилкесин акысыз ижарага берүү жөнүндө» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/01
Жер тилкесин акысыз ижарага берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобосуна, ошондой эле Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Сокулук айылында жайгашкан «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун Сокулук айылындагы газды жөнгө салуучу шкаф тибиндеги пункттарына тиешелүү муниципалдык жер участоктору боюнча ижара келишимдери акысыз негизде 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылсын.
2. Ушул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго тиешелүү буйрукту чыгаруу тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
М.Р.Кадыркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.