# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 19 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2026-жылдын I-кварталына аткарылган иштери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 19 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2026-жылдын I-кварталына аткарылган иштери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 19
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046616>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55389/edition/53613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046616.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 19 "Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2026-жылдын I-кварталына аткарылган иштери тууралуу" токтому (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046616

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-майы № 19 Балдардын укугун жана кызыкчылыгын камсыздоо боюнча 2026- жылдын I-кварталына аткарылган иштери тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» Кодексинин 20-беренесине ылайык, Нарзан айылдык кеңешинин жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Нарзан айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын I кварталында балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалыматы эске алынсын.

2.Жооптуу катчыга бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоого жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаштар иштери, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 29-майында https://narzan.gov.kg/postanovlenia/1181-toktom-2026-zhyldyn-18-mayy-19-belovodsk-a.html расмий сайтында жарыяланды

Төраганын у.м.а.

Э.У.Умутбеков
