# Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 18 "Нарзан айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 18 "Нарзан айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046594>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55392/edition/53593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046594.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 18 "Нарзан айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046594

---

НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-майы № 18 Нарзан айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 01-13/365 «Жергиликтүү жамааттардын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө» катынын негизинде, регламент, депутаттык этика, мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамаат менен байланыш маселелери боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Нарзан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/12 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына бекитилген Уставдын ишке ашырылышын камсыз кылуу тапшырылсын.

4. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.

2026-жылдын 29-майында https://narzan.gov.kg/postanovlenia/1179-toktom-2026-zhyldyn-18-mayy-18.html расмий сайтында жарыяланды

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамаат менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төраганын у.м.а.

Э.У.Умутбеков
