Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Нарзан айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-майы № 18 Нарзан айыл аймагындагы жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын 30-мартындагы № 01-13/365 «Жергиликтүү жамааттардын Типтүү Уставын бекитүү жөнүндө» катынын негизинде, регламент, депутаттык этика, мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамаат менен байланыш маселелери боюнча Нарзан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставы № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Нарзан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/12 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына бекитилген Уставдын ишке ашырылышын камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 29-майында https://narzan.gov.kg/postanovlenia/1179-toktom-2026-zhyldyn-18-mayy-18.html расмий сайтында жарыяланды
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика, мандат жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамаат менен байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а.
Э.У.Умутбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/12 "Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жана Беловодское айыл аймагынын…Постановление · 17.01.2025 · № 01-3/12 · Күчүн жоготкон
- Нарзан айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын (Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/12 токтому менен бекитилди) Типтүү уставыТиповой Устав · 17.01.2025 · № 01-3/12 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 17-январындагы № 01-3/12 "Нарзан айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жана Беловодское айыл аймагынын…Постановление · 17.01.2025 · № 01-3/12 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.