# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-майы № 183 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-майы № 183 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 183
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046580>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-11124/edition/53577/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046580.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-майы № 183 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы (25.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046580

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРЛЫГЫ

2026-жылдын 25-майы № 183

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын ишке ашырууну актуалдаштыруу жана натыйжалуулугун жогорулатуу, каралган иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн эске алуу менен алардын мөөнөттөрүн жана жооптуу аткаруучуларын тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 5-пунктта «Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте» деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:

– 2-пунктта:

«Чаралар» графасында «(Е-ченем)» деген сөздөр алып салынсын; «Иш-аракеттер» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана пилоттук режимде ишке киргизүү. Кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды ченемдик укуктук актылардын электрондук базасына (Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкы) андан ары жайгаштыруу үчүн автоматтык түрдө расмий жарыялоо механизмин киргизүү»;

– 3-пункттун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасында «2023–2024-жж.» деген сөздөр «2023–2026-жж.» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 8-пункттун «Ишке ашыруу үчүн жооптуулар» графасында «, ЭП» деген сөздөр алып салынсын;

– 12-пунктта:

«Ишке ашыруу мөөнөтү» графасында «2023-ж.» деген сөздөр «2026-ж.» деген сөздөргө алмаштырылсын; «Ишке ашыруу үчүн жооптуулар» графасында «Улуттук илимдер академиясы (УИА), Билим берүү жана илим министрлиги (БИМ)» деген сөздөр «КРП караштуу УИА, ИЖБИМ» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 13-пунктта:

«Ишке ашыруу мөөнөтү» графасында «2023–2025-жж.» деген сөздөр «2023–2026-жж.» деген сөздөргө алмаштырылсын; «Ишке ашыруу үчүн жооптуулар» графасында «БИМ, УИА» деген сөздөр «ИЖБИМ, КРП караштуу УИА» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 15-пункттун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасында «2023–2024-жж.» деген сөздөр «2023–2026-жж.» деген сөздөргө алмаштырылсын;

– 16-пунктта:

«Иш-аракеттер» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Учурдагы Концепциянын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү»; «Күтүлгөн натыйжалар» графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын 2027–2030-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын иштеп чыгуу»;

– кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«ИЖБИМ

–

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги;

КРП караштуу УИА

–

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы.».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-майындагы № 39 (3799) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров
