# КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 318-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Инвест Кей Джи Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемесини

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 318-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Инвест Кей Джи Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемесини
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 318-т
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046572>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-19863/edition/53569/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046572.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 318-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Инвест Кей Джи Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) тескемесини (30.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046572

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 30-апрели № 318-т

Бишкек шаарында социалдык багыттагы объекттер менен көп функциялуу турак жай комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 31-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

1. 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Инвест Кей Джи Холдинг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Бишкек шаарынын аймагында турак жай жана коммерциялык объекттерди курууну, реконструкциялоону жана көрктөндүрүүнү инвестициялоо боюнча комплекстүү долбоорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашууга кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
