Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2026-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планын бекитүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 1-июну № 385-т
Ченемдик укуктук актыларга укуктук мониторинг жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII «Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жана Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 10-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылга укуктук мониторинг жүргүзүү планы (мындан ары – План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар:
1) Планда каралган ченемдик укуктук актыларга белгиленген мөөнөттөрдө укуктук мониторинг (мындан ары – мониторинг) жүргүзсүн;
2) мониторинг жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII «Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жана Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүү учурунда мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот органдарынын ɵз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө (натыйжалуулугуна) баа берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алсын;
3) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду берип турсун;
4) мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетторду өздөрүнүн расмий сайттарына мониторинг жүргүзүүнүн мөөнөтү аяктаган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча жана 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетторду жалпыласын жана талдоо жүргүзсүн жана 2027-жылдын 15-февралына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине аналитикалык кат киргизсин.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына мониторингди өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө отчетту берүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 2215-VII "Укук колдонууга укуктук мониторинг жүргүзүүнүн жана мыйзамдардын эффективдүүлүгүнө…Постановление · 19.06.2024 · № 2215-VII