# 9-берене. Монопсониялык абал жана монопсониялык төмөн баа

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 9-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-9

---

1. Чарба жүргүзүүчү субъект же адамдардын тобу же чарба жүргүзүүчү бир нече субъект же адамдардын тобу товар сатып алган белгилүү бир товар рыногундагы ушундай чарба жүргүзүүчү субъекттин же адамдардын тобунун же чарба жүргүзүүчү бир нече субъекттин же адамдардын тобунун үстөмдүк абалы монопсониялык абал деп таанылат.

2. Монопсониялык абал ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык белгиленет.

3. Монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы монопсониялык төмөн баа болуп саналат, эгерде:

1) бул баа монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектке товарларды өндүрүүгө жана (же) сатууга сарптоолорду төмөндөтүү аркылуу кошумча киреше алууга мүмкүндүк берсе;

2) бул баа мындай товарды өндүрүүчү жана сатуучу чарба жүргүзүүчү субъектке зарыл болгон суммадан аны өндүрүү жана сатуу үчүн сарптоолордон жана пайдадан төмөн болсо.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-10)
