# 8-берене. Товардын монополиялык төмөн баасы

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 8-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-8

---

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан, анын ичинде төмөнкүдөй жол менен белгиленген баа товардын монополиялык төмөн баасы болуп эсептелет:

1) товардын мурда белгиленген баасын төмөндөтүү аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:

а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө өлчөмдөш келбесе;

б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүүсүз калса же болбосо товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү олуттуу болуп саналбаса;

в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;

2) товардын мурда белгиленген баасын сактоо же жогорулатпоо аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:

а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар олуттуу көтөрүлсө;

б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасын көбөйтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн шарттаса;

в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары товардын баасын көбөйтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылса.

2. Төмөнкүдөй учурларда товардын баасы монополиялык төмөн баа деп таанылбайт, эгерде:

1) ал салыштырмалуу товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан төмөн болбосо;

2) товарды сатуучу тарабынан аны белгилөө товарды сатуучулар же сатып алуучулар менен тиешелүү товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир тобуна кирбеген адамдардын санынын кыскарышына байланыштуу атаандаштыкты чектөөгө алып келбесе же алып келиши мүмкүн болбосо.

3. Монополиялык төмөн бааны аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-9)
