8-берене. Товардын монополиялык төмөн баасы
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан, анын ичинде төмөнкүдөй жол менен белгиленген баа товардын монополиялык төмөн баасы болуп эсептелет:
1) товардын мурда белгиленген баасын төмөндөтүү аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө өлчөмдөш келбесе;
б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүүсүз калса же болбосо товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү олуттуу болуп саналбаса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;
2) товардын мурда белгиленген баасын сактоо же жогорулатпоо аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар олуттуу көтөрүлсө;
б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасын көбөйтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн шарттаса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары товардын баасын көбөйтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылса.
2. Төмөнкүдөй учурларда товардын баасы монополиялык төмөн баа деп таанылбайт, эгерде:
1) ал салыштырмалуу товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан төмөн болбосо;
2) товарды сатуучу тарабынан аны белгилөө товарды сатуучулар же сатып алуучулар менен тиешелүү товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир тобуна кирбеген адамдардын санынын кыскарышына байланыштуу атаандаштыкты чектөөгө алып келбесе же алып келиши мүмкүн болбосо.
3. Монополиялык төмөн бааны аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 686 токтомуна тиркеме)Порядок · 12.10.2026 · № 686
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 686 "Монополиялык жогорку (төмөн) бааны аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.10.2026 · № 686
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046533/st-8" title="8-берене - Атаандаштык жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>