# 3-берене. Атаандаштык жаатындагы мамлекеттик саясат

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 3-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-3

---

1. Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан иштелип чыгат.

2 Банктык кызмат көрсөтүүлөр жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү коммерциялык банктар жана башка юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

3. Министрлер Кабинети атаандаштык чөйрөсүндөгү өзүнүн мамлекеттик саясатынын, анын ичинде ыйгарым укуктуу органдардын иши жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тарамында жайгаштыруу аркылуу маалыматтык ачыктыкты камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-4)
