# 29-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 29-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-29

---

1. Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө, жоюуга жана (же) ишкердик чөйрөсүндөгү башка адамдардын (чарба жүргүзүүчү субъекттердин) кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же болбосо керектөөчүлөрдүн белгисиз чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же алып келүүсү мүмкүн болгон аракеттерге (аракетсиздиктерге) бөгөт коюу максатында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 3-5, 7, 8 жана 11-пункттарын, 17 жана 18-беренелерин бузган белгилер аныкталган учурда, монополияга каршы орган мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө катышуучу чарба жүргүзүүчү субъектке, мамлекеттик органга, өз алдынча башкаруу органына жана башка уюмдарга жазуу жүзүндө эскертүү берет.

2. Ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 3-5, 7, 8 жана 11-пункттарын, 17 жана 18-беренелерин бузгандыгы жөнүндө ишти кароо тууралуу чечимди монополияга каршы орган эскертүү бербестен жана аны аткаруу мөөнөтү бүткөнгө чейин кабыл алуусуна жол берилбейт.

3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароо мезгилинде эскертүү берүү монополияга каршы орган тарабынан мындай ишти кароодо мындай ишти кароо учурунда белгилүү болбогон, ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 3-5, 7, 8 жана 11-пункттарын, 17 жана 18-беренелерин бузуу белгилери аныкталган учурда, жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-30)
