# 28-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертме

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 28-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-28

---

1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында монополияга каршы орган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, чарба жүргүзүүчү субъекттерге монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу түрүндө эскертме жөнөтөт.

2. Эгерде иш-аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келүүсү мүмкүн болсо, бирок монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин аракети жөнүндө жана (же) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын пландалып жаткан иш-аракеттери жөнүндө ачык билдирүү эскертме жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.

3. Эскертме берүү тартиби жана анын формасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-29)
