28-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертме
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы
1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында монополияга каршы орган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, чарба жүргүзүүчү субъекттерге монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу түрүндө эскертме жөнөтөт.
2. Эгерде иш-аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келүүсү мүмкүн болсо, бирок монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин аракети жөнүндө жана (же) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын пландалып жаткан иш-аракеттери жөнүндө ачык билдирүү эскертме жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Эскертме берүү тартиби жана анын формасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 668 "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон…Постановление · 06.10.2026 · № 668
- Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартиби (Кыргыз…Порядок · 06.10.2026 · № 668
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046533/st-28" title="28-берене - Атаандаштык жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>