# 27-берене. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди монополияга каршы орган тарабынан кароо үчүн негиздер

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 27-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-27

---

1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди монополияга каршы орган өз демилгеси боюнча, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнүн жана ушул Мыйзамдын бузулушун күбөлөндүргөн өзүнүн тескөөсүндө болгон башка материалдардын негизинде карайт.

2. Арыздар монополияга каршы органга жазуу жүзүндө же электрондук формада монополияга каршы мыйзамдын бузулган фактылары жөнүндө документтерди тиркөө менен берилет. Мындай документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү монополияга каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролду жүзөгө ашыруу тартиби менен аныкталат.

Документтердин пакети толук эмес көлөмдө берилген учурда монополияга каршы орган документтерди карабастан арыз ээсине кайтарып берүүгө укуктуу.

3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана териштирүү жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-28)
