# 26-берене. Жоопкерчилик чаралары

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 26-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-26

---

1. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулуусуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү адамдарды монополияга каршы органдын чечимин аткаруу милдетинен бошотпойт.

2. Монополияга каршы органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.

3. Ушул Мыйзамдын 13 жана 14-беренелери бузулган, товардык рынокто үстөмдүк абал кыянаттык менен пайдаланылган, чарба жүргүзүүчү субъект (адамдардын тобу) тарабынан атаандаштыкты чектеген макулдашуу (картель), макулдашылган иш-аракеттер түзүлгөн учурда, доонун эскирүү мөөнөтү жосун жасалган акыркы күндөн кийинки күндөн тартып 5 жылды түзөт.

4. Монополияга каршы органдын чечимдеринде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда, монополияга каршы орган сотко доо менен кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-27)
