# 24-берене. Монополияга каршы органга маалымат берүү боюнча милдеттер

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 24-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-24

---

1. Монополияга каршы органга жүктөлгөн тапшырмалардын жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн юстиция органдары, бажы органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин жөнгө салууну (көзөмөлдөөнү) жана алардын мамилелерин каттоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар, мамлекеттик архивдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы органдын суроо-талабы боюнча керектүү документтерди жана анын ичинде коммерциялык жана кызматтык сырды түзгөн маалыматты коммерциялык сыр жөнүндө жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берет.

2. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте суралган маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, белгиленген мөөнөттө бербөө же билип туруп анык эмес маалыматтарды берүү укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-25)
