# 23-берене. Монополияга каршы органдын кызматкерлеринин маалымат алуу укуктары

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 23-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-23

---

1. Монополияга каршы органдын кызматкерлери монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө арыздарды жана иштерди кароодо, аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык экономикалык концентрацияга жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүлүшүнө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда алар кызматтык күбөлүктөрүн жана монополияга каршы органдын жетекчисинин (анын орун басарынын) чечимин көрсөтүү менен зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алуу, анын ичинде Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте контролдук иш-чараларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана алардын бирикмелерине тоскоолдуксуз кирүүгө, ошондой эле электр байланыш операторлорунун маалымат базаларын (маалымат тутумдарын) кошпогондо, автоматташтырылган маалымат базаларынын (маалымат тутумдарынын) маалыматтарына жетүүгө укуктуу.

2. Коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалымат монополияга каршы органга коммерциялык сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык берилет.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-24)
