# 22-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлап бөлүү (бөлүп чыгаруу)

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 22-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-22

---

1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект монополиялык ишти системалуу түрдө жүзөгө ашырган учурда, монополияга каршы органдын доосу боюнча сот мындай чарба жүргүзүүчү субъектти мажбурлап бөлүү жөнүндө чечимди же болбосо анын курамынан бир же бир нече уюмду бөлүп чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу. Мажбурлап бөлүүнүн натыйжасында түзүлгөн уюмдар адамдардын бир тобуна кире албайт.

2. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө соттун чечими төмөнкүдөй шарттардын бири же бир нечеси болгондо кабыл алынат:

1) рынокто атаандаштыктын өнүгүүсүнө алып келсе;

2) уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүн обочолонтуу мүмкүнчүлүгү бар болсо;

3) уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн технологиялык жактан шартталган өз ара байланышы жок болсо;

4) өзгөртүп уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн юридикалык жактар үчүн тийиштүү рынокто өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк бар болсо.

3. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө соттун чечими менчик ээси же буга ыйгарым укук берилген жак тарабынан көрсөтүлгөн чечимде каралган талаптарды эске алуу менен жана көрсөтүлгөн чечим менен аныкталган, алты айдан кем боло албаган мөөнөттө аткарылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-23)
