Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
21-берене. Экономикалык концентрацияга мамлекеттик контроль
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы
1. Атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында монополияга каршы орган төмөнкү бүтүмдөрдү жана иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мамлекеттик контроль жүргүзөт:
1) эки же андан көп чарба жүргүзүүчү субъектти бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү;
2) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эки же бир нече уюм тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектти түзүү (биргелешкен ишкана);
3) үлүштөрдү (акцияларды, пайларды) сатып алуу, эгерде натыйжада:
а) чарба жүргүзүүчү субъекттин чечимдерин аныктоо мүмкүнчүлүгү келип чыкса;
б) үлүштөрдүн (акциялардын, пайлардын) 25 пайызынын ашыгы сатып алынса;
в) контроль өткөрүлүп берилсе.
Ушул бөлүктүн 1 жана 3-пункттарында каралган иш-аракеттер, эгерде мындай уюмдардын (алардын адамдарынын топторунун) биригүүсүнүн мурунку жылындагы календардык жыл үчүн товарларды жана кызматтарды сатуудан түшкөн жалпы акчасы (кирешеси) 1 млрд. сомдон ашса, алдын ала кабарлоону талап кылат. Ушул бөлүктүн 2-пунктунда каралган иш-аракеттер чарба жүргүзүүчү субъект түзүлгөн учурда, эгерде анын уставдык капиталы чарба жүргүзүүчү башка субъекттин негизги өндүрүштүк каражаттары жана (же) материалдык активдери болуп саналган акциялар (үлүштөр) жана (же) мүлк, жана (же) активдер (акча каражаттарынан тышкары) менен төлөнсө, алдын ала кабарлоону талап кылат, эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттин (алардын адамдарынын тобунун) түзүлгөн жылдан мурунку календардык жыл үчүн жалпы түшкөн акчасы 1 млрд. сомдон ашса. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттердин (алардын адамдарынын тобунун) товарларды жана кызматтарды сатуудан түшкөн суммалык пайдасы (кирешеси) 500 млн. сомдон ашса, атаандаш-субъекттердин Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишкананы түзүүсү, анын ичинде чет өлкөлүк катышуучулар, жеке жана юридикалык жактар менен, ошону менен бирге атаандаш-субъекттердин ортосунда биргелешкен иш жөнүндө макулдашуу аркылуу түзүүсү.
2. Чарба жүргүзүүчү субъектти контролдоо пайда болот, эгер юридикалык же жеке жак:
1) чыгарылган акционердик капиталдын же бизнестин, же чарба жүргүзүүчү субъекттин активдеринин жарымынан көбүнө ээлик кылса;
2) төмөнкүдөй жол менен чарба жүргүзүүчү субъекттин бүтүндөй же анын бөлүгүнүн экономикалык чечимдерине түздөн-түз же кыйыр түрдө чечкиндүү таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо (венчурдук фонддордун венчурдук башкаруучуларынын милдетин аткаруучу уюмдар тарабынан венчурдук фонддорду түзүүдөн тышкары):
а) чарба жүргүзүүчү субъекттин жалпы жыйналышында көпчүлүк добуш берүү же бул добуштардын көпчүлүгүнүн добуш берүүсүн тике же кыйыр түрдө контролдоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
б) ишкананын директорлор кеңешинин көпчүлүгүн дайындоо же дайындоого вето коюу мүмкүнчүлүгү;
в) директорлор кеңешинин же акционерлердин жыйналышынын курамына, добуш берүүсүнө же чечимдерине чечкиндүү таасир этүү мүмкүнчүлүгү;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттин коммерциялык саясатына, анын ичинде стратегиялык же коммерциялык максаттарына тикелей же кыйыр түрдө олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо.
3. Ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келген ыкма менен жүзөгө ашырылган же ишке ашырылган кандай болбосун экономикалык концентрация юридикалык жактан арзыбаган болуп саналат, ал эми мындай концентрацияга тиешелүү кандай болбосун макулдашуудан келип чыккан укуктар же милдеттенмелер сот тартибинде аткарылууга тийиш эмес.
4. Монополияга каршы орган экономикалык концентрацияны карайт жана документтердин толук пакетин жана чарба жүргүзүүчү субъекттин билдирүүсүн алган учурдан тартып 1-бөлүктүн 1 жана 3-пункттары боюнча 90 жумуш күндүн ичинде, ал эми 1-бөлүктүн 2-пункту боюнча 14 жумуш күндүн ичинде чечим чыгарат.
Эгерде монополияга каршы орган аларды ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдө жактырбаса, бүтүмдөр жана аракеттер автоматтык түрдө жактырылган деп эсептелет.
5. Монополияга каршы орган документтердин толук пакетин жана билдирүүнү алган учурдан тартып текшерүүнүн башталышы же документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө чарба жүргүзүүчү субъектке 10 жумуш күндүн ичинде маалымдайт.
6. Документтерди карап чыгуунун жана жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча монополияга каршы орган Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык чечим чыгарат.
7. Ушул берененин колдонулушу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде түзүлүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерге жайылтылбайт.
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046533/st-21" title="21-берене - Атаандаштык жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>