# 2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 2-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-2

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө байланышкан мамилелерге жайылтылат.

2. Монополияга каршы мыйзамдардын чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата колдонулушу мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин уюштуруу-укуктук формасына жана катталган жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат.

3. Ушул Мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ата мекендик жана (же) чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда жетишилген макулдашууларга, ошондой эле алар жасаган иш-аракеттерге колдонулат, эгерде мындай макулдашуулар же иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасирин тийгизсе. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү аркылуу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат.

4. Ушул Мыйзамдын ченемдери трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-3)
