2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө байланышкан мамилелерге жайылтылат.
2. Монополияга каршы мыйзамдардын чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата колдонулушу мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин уюштуруу-укуктук формасына жана катталган жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ата мекендик жана (же) чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда жетишилген макулдашууларга, ошондой эле алар жасаган иш-аракеттерге колдонулат, эгерде мындай макулдашуулар же иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасирин тийгизсе. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү аркылуу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат.
4. Ушул Мыйзамдын ченемдери трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат.
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 13.08.2015 · № 225
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнак жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2017 · № 153
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына)…Закон · 07.08.2024 · № 162
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230046533/st-2" title="2-берене - Атаандаштык жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>