# 16-берене. Макулдашууларга, макулдашылган иш-аракеттерге жол берилгендик

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 16-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-16

---

1. Вертикалдуу макулдашууларга (финансы уюмдарынын ортосундагы вертикалдуу макулдашууларды кошпогондо) жол берилет:

1) эгерде бул макулдашуулар коммерциялык концессиянын келишими болуп саналса;

2) эгерде вертикалдуу макулдашуунун предмети болуп саналган, мындай макулдашуунун катышуучуларынын жыйынды үлүшү 20 пайыздан ашпаса.

2. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн макулдашууларына же макулдашылган иш-аракеттерине жол берилиши мүмкүн, эгерде мындай макулдашуулар же макулдашылган иш-аракеттер менен айрым жактар үчүн тийиштүү товардык рынокто атаандаштыкты жок кылууга мүмкүндүк түзүлбөсө, алардын катышуучуларына же үчүнчү жактарга чектөөлөр коюлбаса жана мындай макулдашуулардын же макулдашылган иш-аракеттердин натыйжасы болуп төмөнкүлөрдүн жыйындысы саналса:

1) өндүрүштү өркүндөтүү, товарларды сатуу же техникалык, экономикалык прогресске өбөлгө түзүү же болбосо дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

2) сатып алуучулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракетинин (аракетсиздигинин), макулдашуулардын, макулдашылган иш-аракеттердин жана бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган артыкчылыкка (пайда) барабар артыкчылык (пайда) алуу.

3. Ушул Мыйзамга ылайык жол берилген деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашууга жетүүгө ниети бар чарба жүргүзүүчү субъекттер макулдашуунун долбоорун монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгын текшерүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен монополияга каршы комплаенс аркылуу монополияга каршы органга кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-17)
