# 15-берене. Макулдашууларга же макулдашылган иш-аракеттерге катышкандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу жана жеңилдетүү

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 15-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-15

---

1. Ушул Мыйзамдын 14-беренесинде тыюу салынган макулдашууларга же макулдашылган иш-аракеттерге өзүнүн катышкандыгы жөнүндө монополияга каршы органга өз ыктыяры менен биринчи болуп билдирген чарба жүргүзүүчү субъект бир эле учурда төмөнкү шарттарды сактоо менен республикалык бюджеттин пайдасына айып пулдардан жана жазалардан бошотулат:

1) бузууга өзүнүн катышкан фактысын таануу;

2) жасалган бузуунун ишенимдүү жана жетиштүү далилдерин монополияга каршы органга берүү;

3) териштирүү жүргүзүүнүн бүткүл мезгилинде монополияга каршы орган менен үзгүлтүксүз кызматташуу.

Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоону ички камсыз кылуу тутумунун болуусу жана иштөөсү горизонталдык макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди кошпогондо, келечекте жоопкерчиликтен бошотуу же жеңилдетүү үчүн кошумча шарт болуп саналат.

2. Биринчи болуп саналбаган, бирок ошол эле макулдашууларга жана макулдашылган иш-аракеттерге өзүнүн катышкандыгын билдирген жана монополияга каршы органдын иликтөөсүнө олуттуу салым кошкон чарба жүргүзүүчү субъекттер айып пулдун бөлүгүнөн бошотулушу мүмкүн (жоопкерчиликти жеңилдетүү).

3. Чарба жүргүзүүчү субъект 14-берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7 жана 9-пункттарында каралган макулдашылган иш-аракеттер ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жол берилген деп таанылышы мүмкүн экендигине далилди берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-16)
