# 12-берене. Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутуму (монополияга каршы комплаенс)

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 12-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-12

---

1. Монополияга каршы мыйзамдарды сактоо жана аны бузуунун алдын алуу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумун уюштурууга же болбосо башка адистештирилген уюмду тартууга укуктуу.

2. Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумун уюштуруу үчүн чарба жүргүзүүчү субъект ички актыны кабыл алат жана/же анын ичинде ушул чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирген адамдардын ичинен башка адамдын башка ички актыларын колдонот, эгерде мындай ички актылар ушул чарба жүргүзүүчү субъектке жайылтылса. Көрсөтүлгөн ички актылар жыйындысында төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу менен байланышкан монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартибине карата талаптар;

2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан өзүнүн ишин жүзөгө ашырууга байланышкан монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тобокелдиктерин төмөндөтүүгө багытталган чаралар;

3) монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумунун иштөөсүн чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан контролдоону жүзөгө ашырууга багытталган чаралар;

4) чарба жүргүзүүчү субъекттин кызматкерлерин ички акты менен тааныштыруу тартиби;

5) монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумунун иштөөсү үчүн жооптуу жак же башка ыйгарым укуктуу уюм жөнүндө маалымат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ички актыны кабыл алууда чарба жүргүзүүчү субъект ага монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумун уюштурууга карата кошумча талаптарды киргизүүгө укуктуу.

4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ички актыны кабыл алуу (колдонуу) жөнүндө маалымат чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан расмий сайтка жайгаштырылат.

5. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ички актыны же ички актынын долбоорун алардын монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн монополияга каршы органга жиберүүгө укуктуу.

6. Монополияга каршы орган отуз жумуш күндүн ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жиберилген ички актыны же ички актынын долбоорун карап чыгат жана алардын монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкеш же шайкеш эместиги жөнүндө корутунду берет.

7. Үстөмдүк кылуучу чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополияга каршы мыйзамдын талаптары бузулган учурда жоопкерчиликтен бошотуу жана жеңилдетүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-13)
