# 10-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттери

- Документ: [Атаандаштык жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 21-майындагы № 72 "Атаандаштык жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046533/edition/53532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046533/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Атаандаштык жөнүндө, 10-берене (21.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-10

---

1. Товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин төмөнкүдөй шарттардын жыйындысын канааттандыруучу иш-аракеттери чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттери болуп саналат:

1) мындай иш-аракеттердин натыйжалары чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар биринин кызыкчылыгына шайкеш келген;

2) алардын биринин мындай иш-аракеттерди жасагандыгы жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу аларга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар бирине иш-аракеттер мурда белгилүү болгон;

3) рыноктун көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ар биринин иш-аракеттери макулдашылган иш-аракеттерге катышкан башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттеринен улам келип чыккан жана тиешелүү товардык рыноктогу бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге бирдей таасир этүүчү жагдайлардын натыйжасы болуп саналбайт. Мындай жагдайлар катары, атап айтканда, жөнгө салынуучу тарифтердин өзгөрүүсү, товарды өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки затка баалардын өзгөрүүсү, дүйнөлүк товар рынокторунда товарга баалардын өзгөрүүсү, бир жылдан кем эмес же, эгерде бул мөөнөт бир жылдан кемди түзсө, тиешелүү товар рыногу иштеген мөөнөт ичинде товарга болгон суроо-талаптын олуттуу өзгөрүүсү болушу мүмкүн.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери жазуу жүзүндөгү макулдашуунун бар экендигине карабастан макулдашылган деп таанылат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046533/st-11)
