# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 298 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 298 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 298
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046529>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55357/edition/53522/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046529.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 298 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (28.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046529

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 28-апрели № 298

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Банкрот процессинин жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:

1) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«2. Өнүктүрүү фондунун каражаттары республикалык бюджеттен Департаменттин эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каржылоонун эсебинен түзүлөт.»;

2) 3-пункттун 1-пунктчасында:

– биринчи абзацтагы «80» деген цифралар «90» деген цифраларга алмаштырылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

«– консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдар көрсөтүүчү кызматтарга, эксперттердин жана адистердин ишине акы төлөөгө;

– компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, эмеректерди, комплекттөөчүлөрдү сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;

– стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;

– натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн Департаменттин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого;»;

3) 3-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
