Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 28-апрели № 298
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Банкрот процессинин жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
1) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Өнүктүрүү фондунун каражаттары республикалык бюджеттен Департаменттин эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каржылоонун эсебинен түзүлөт.»;
2) 3-пункттун 1-пунктчасында:
– биринчи абзацтагы «80» деген цифралар «90» деген цифраларга алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдар көрсөтүүчү кызматтарга, эксперттердин жана адистердин ишине акы төлөөгө;
– компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, эмеректерди, комплекттөөчүлөрдү сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
– стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
– натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн Департаменттин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого;»;
3) 3-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча…Постановление · 29.09.2023 · № 514
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122