Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин (Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын жайкы мезгилдеги сырткы келбетине коюлуучу талаптарды жөнөкөйлөтүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 11-майы № 325-т
Жайкы мезгилде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ыңгайлуу эмгек шарттарын камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) белгиленген тартипте формалык кийим кийген адамдарды, ошондой эле расмий протоколдук иш-чараларга катышуучу адамдарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик органдарда, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында, Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарында мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексинин 11-главасында белгиленген талаптар сакталган шартта календардык жылдын 15-апрелинен тартып 15-октябрына чейинки мезгилде кийимдин жеңилдетилген стилине жол берилет деп;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлеринин тышкы көрүнүшүнө (дресс-кодуна) талаптар Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан белгиленет деп.
2. Төмөнкүлөргө жол берилет деп эсептелсин:
1) иштиктүү стилге ылайык келген ачык тондогу кийимдерди кийүүгө (пиджаксыз же жакетсиз);
2) кыска жеңдүү көйнөктөрдү кийүүгө;
3) галстукту тагынбоого;
4) иштиктүү стилге ылайык келген ыңгайлуу бут кийимди кийүүгө;
5) иштиктүү стилге ылайык келген улуттук стилдеги кийимдин элементтерин колдонууга.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен ушул тескемени сактоону камсыз кылсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө"…Указ · 31.05.2022 · № 171