# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы № 510-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы № 510-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 510-VIII
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046510>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16918/edition/53500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046510.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 28-майындагы № 510-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому (28.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046510

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Кабыл алынган датасы 2026-жылдын 28-майы № 510-VIII

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алымбеков Максат Джумакадырович Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пункттун 5-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Алымбеков Максат Джумакадырович – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан;».

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
