# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230046478)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 57 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046478/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5759/edition/53459/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046478/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046478/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 102-статьяда:

а) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мындай бөлүп берүүлөр калктын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жер мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүп берүүгө тыюу салынат.";

б) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046478/st-2)
