# Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтому

- Толук аталышы: Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 113
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55293/edition/53397/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтому (28.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046419

---

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХХIII–СЕССИЯСЫ

2026-жылдын 19 -май айы №113

Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги №01-13/1684 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Балыкчы шаарынын Ак-Өлөң калктуу конушунун түштүк тарабында жайгашкан, "Ак-Жал" участогундагы, жалпы аянты 6,4 га жер тилкесин, мамлекеттик менчик объекттерин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.

Балыкчы шаарынын мэриясына:

-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб- сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.

Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев\_\_\_\_
