# Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майы № 484-VIII "2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майы № 484-VIII "2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 484-VIII
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-16898/edition/53335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 14-майы № 484-VIII "2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө" токтому (14.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046355

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 14-майы № 484-VIII

«2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 10-апрелиндеги чыг. № 18-4365) «2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун жана четтөөнүн алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери жогоруда аталган мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен 3 жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине жана бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматтарына жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жогоруда аталган мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

М.А. Маматалиев
