Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 368
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 105-беренесинин 8-бөлүгүнүн 3-пунктунун «з» пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майындагы № 302 «Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө жободо:
- 15-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Мамлекеттик мекемелер тарабынан Тизмекке башка каражаттарды киргизүү боюнча сунуштар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга негиздөө жана ченемдик укуктук актыларды көрсөтүү менен киргизилет.»;
- жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун тиркемесинде:
56-пунктта «Улуттук коопсуздук органынын мекемесинин келишимдик иштеринен түшүүлөр» деген сөздөр «Улуттук коопсуздук органынын жана анын ведомстволук мекемелеринин келишимдик иштеринен жана кызмат көрсөтүүлөрүнөн түшүүлөр» деген сөздөргө алмаштырылсын; 61-пунктта «Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо үчүн төлөм» деген сөздөр «Накталай эмес эсептешүүнү техникалык колдоо жана автоматташтырылган маалыматтык системаны (АМС) күтүү үчүн төлөм» деген сөздөргө алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 71–74-пункттар менен толукталсын: «
71
Мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган кызматчыларга (аскер кызматчыларына), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине медициналык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр
УКМК
72
Мамлекеттик органдар жана мекемелер менен түзүлгөн келишимдердин негизинде мамлекеттик тилди окутуудан жана котормо ишинен түшүүлөр
ОМКБ
73
Мамлекеттик маанидеги айрым документтерди жекелештирүү
КРПИБ «Кызмат» ММ
74
Кыргыз Республикасынын аймагында ишти жүзөгө ашырган авиакомпаниялардын экипаждарынын мүчөлөрү үчүн күбөлүктөрдү даярдоо
КРПИБ «Кызмат» ММ
»; кыскартуулардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«ОМКБ
–
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору
КРПИБ «Кызмат» ММ
–
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-майы № 302 "Бирдиктүү казыналык эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин…Постановление · 31.05.2025 · № 302
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.