# Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046323>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5755/edition/53275/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046323.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 19-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046323

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2026-жылдын 19-майы № 69 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046323/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, № 100-101) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 46-берененин 3-бөлүгүндө ", ошондой эле кагаз вариантта" деген сөздөр "же кагаз түрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 50-берененин 7-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 51-берененин 7-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4) 52-берененин 2-бөлүгүндө "кагаз жана" деген сөздөр "кагаз же" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 58-берененин 6-бөлүгү "күндүн ичинде" деген сөздөрдөн кийин "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөр менен толукталсын;

6) 162-берененин 1-бөлүгүндө "кагаз жана электрондук түрдө" деген сөздөр "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046323/st-2)

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

24-берененин 3-бөлүгүндө "кагаз түрүндө электрондук сакталмасы менен кошо" деген сөздөр "кагаз же электрондук түрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046323/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) саны менен жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2026-жылдын 30-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
