# Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3 «Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө» токтому

- Толук аталышы: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3 «Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө» токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 19.03.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046277>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-79064/edition/53228/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сайдыкум айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3 «Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө» токтому (19.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046277

---

САЙДЫКУМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Сайдыкум айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2025-жылдын 19-мартындагы №3

«Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун билдирүүсү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-марты №37 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын Жобосунун 1-беренесине негиз, Сайдыкум айылдык кеңешинин депутаты Б.Абдикалил уулунун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы №44 А.Жумабаева жалпы билим берүүчү орто мектебинин муниципалдык менчиктеги 3-02-05-0004-1094 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 21849,25 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 2000,0 чарчы метр жер тилкесин спорт комплексин салууга жер аянты бөлүп берүү жана долбоордук сметалык документтерди даярдоо жагы демилгечи топтун башчысы Б.Абдикалил уулуна жүктөлсүн.

2. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн Чоң-Курулуш айылындагы №44 А.Жумабаева жалпы билим берүүчү орто мектебинин муниципалдык менчиктеги 3-02-05-0004-1094 сыр белгиси менен катталган жалпы аянты 21849,25 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен 2000,0 чарчы метр муниципалдык жер аянтын спорт комплексин салууга мөөнөтсүз мөөнөтү көрсөтүлбөгөн мамлекеттик акт алуу жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Атабековага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Б.А.Анарбаев
