# Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/91 "Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/91 "Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/91
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046275>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55248/edition/53229/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046275.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/91 "Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (11.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046275

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 11-декабры № 01-7/91

Жер тилкесинин категориясын которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Сокулук районунун Алыскы Арал айылынын аймагында жайгашкан №752 контурдан:

- 0,60 гектар жер тилкесин жашоочулардын эс алуусу үчүн парк куруу

максатында;

- 0,20 гектар жер тилкесин спорт аянтчасын куруу максатында, «жайыттар» категориясындагы жерлерден «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э. Бектемировго жүктөлсүн.

Төрага

М.Р.Кадыркулов
