# 1-берене

- Документ: [Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/230046239)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-майындагы № 75 "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046239/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-5754/edition/53191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046239/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (22.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046239/st-1

---

«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/1, 570-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 6-берененин 2-бөлүгүндө:

а) экинчи абзацта «23-статьясында» деген сөздөр «5-статьясында» деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) төртүнчү жана бешинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 9-берененин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат жана лицензиялоо жана электр байланышы жөнүндө мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси менен жөнгө салынат жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат» деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 451-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«451-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жарандык мыйзамдарда жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте келип чыгат.

2. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу укуктук мамилелерден келип чыгуучу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралат.».

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/230046239/st-2)
