# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майы № 354 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майы № 354 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 354
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046231>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55240/edition/53179/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046231.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-майы № 354 "Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (20.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046231

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 20-майы № 354

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин жана Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы биологиялык коопсуздук жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 11-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби 1-тиркемеге ылайык;

2) Потенциалдуу кооптуу биологиялык объекттердин физикалык корголушун камсыз кылуу боюнча талаптар 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдон келип чыккан иш-чаралар тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга каралган бюджетинин чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
