Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Молдова Республикасынын Аскердик ташууларды аткаруунун принциптери жана тартиби жөнүндө макулдашуудан чыгышына макулдук берүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 30-апрели № 317-т
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинин 1992-жылдын 15-майындагы Аскердик ташууларды аткаруунун принциптери жана тартиби жөнүндө макулдашуунун Молдова Республикасы үчүн колдонулушун токтотуу тууралуу кайрылуусун эске алуу менен, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 172-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Молдова Республикасынын 1992-жылдын 15-майындагы Аскердик ташууларды аткаруунун принциптери жана тартиби жөнүндө макулдашуудан чыгышына макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарлама жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64