# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 351
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046207>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/230046207/edition/53155/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046207.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046207

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 19-майы № 351

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 585 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 «Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун 7-тиркемесинин 4-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 «Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө» токтомунун 5-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 22-майындагы № 37 (3797) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
