# Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/89 "Сары-Өзөн айыл аймагынын муниципалдык бала бакчаларынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/89 "Сары-Өзөн айыл аймагынын муниципалдык бала бакчаларынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 01-7/89
- Кабыл алынган күнү: 11.12.2025
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046206>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55225/edition/53154/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046206.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 01-7/89 "Сары-Өзөн айыл аймагынын муниципалдык бала бакчаларынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө" токтому (11.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046206

---

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 11-декабры № 01-7/89

Сары-Өзөн айыл аймагынын муниципалдык бала бакчаларынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Сары-Өзөн айыл аймагындагы “Бөбөк Нуру”, “К.Дегенбаев атындагы”, “Сырдуу Балалык”, “Татынакай” жана “Ак Шоола” бала бакчаларына тамак-аш үчүн ата-энелер тарабынан акы төлөө нормалары төмөндөгүдөй белгиленсин:

— ата-энелик төлөм бир балага бир күнгө 120 (жүз жыйырма) сом өлчөмүндө белгиленсин, анын ичинен 110 (жүз он) сом тамак-ашка, 10 (он) сом чарбалык муктаждыктарга жумшалсын.

2. Бул токтом Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасы А.Т.Джазымкуловго тапшырылсын.

Төрага

М.Р.Кадыркулов
