Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин «Сары-Өзөн айыл аймагынын муниципалдык бала бакчаларынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө» токтому
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 01-7/89
Сары-Өзөн айыл аймагынын муниципалдык бала бакчаларынын тамак-аш чыгымдарынын баасын белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы №7 “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” токтомуна ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Өзөн айыл аймагындагы “Бөбөк Нуру”, “К.Дегенбаев атындагы”, “Сырдуу Балалык”, “Татынакай” жана “Ак Шоола” бала бакчаларына тамак-аш үчүн ата-энелер тарабынан акы төлөө нормалары төмөндөгүдөй белгиленсин:
— ата-энелик төлөм бир балага бир күнгө 120 (жүз жыйырма) сом өлчөмүндө белгиленсин, анын ичинен 110 (жүз он) сом тамак-ашка, 10 (он) сом чарбалык муктаждыктарга жумшалсын.
2. Бул токтом Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик пландоо комиссиясынын төрагасы А.Т.Джазымкуловго тапшырылсын.
Төрага
М.Р.Кадыркулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.