# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майы № 347 "Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майы № 347 "Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 347
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2026
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/230046188>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-55215/edition/53134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/230046188.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-майы № 347 "Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (18.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/230046188

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 18-майы № 347

Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.А. Касымалиев
