Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-майы № 347
Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жеке дайындар чөйрөсүндөгү жөнгө салуу субъекттерин текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруу укугуна аккредитациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом тиешелүү жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн каралган каражаттардын жана штаттык сандын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178